www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Конституциялык сот президенттин Конституциянын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев: 

— Мен бул маселени саясий өңүттө эмес, мыйзамдын так талабына ылайык гана кароону туура деп эсептейм. Анткени мыйзамда так жазылган нормалар бар. 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (бешинчи бөлүм, 3-берене) жобосуна ылайык: Кыргыз Республикасынын 2021-жылы 6 жылдык мөөнөткө шайланган Президенти Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. 6 жылдык мөөнөткө шайланган Президенттин бул мөөнөтү ушул Конституцияга ылайык биринчи мөөнөтү катары эсептелет. Ошондуктан Конституциялык сот чечим чыгарууда эмоцияларга же саясий жагдайларга эмес, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын так нормаларына таянат деп эсептейм, - деп билдирди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров өзүнүн ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүүнүн жол-жобосу Баш мыйзамда кандай каралганын чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Последние новости