www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков медицина кызматкерлеринин укуктук жана кесиптик жактан корголушун камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
Эл өкүлү дарыгерлер адам өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн чоң жоопкерчилик менен иштеп жатканын белгилеп, алардын эмгеги, билими жана тажрыйбасы миңдеген жарандар үчүн маанилүү экенин айтты.
Ошондой эле балдар нефрологу Насира Бейшебаевага байланышкан акыркы окуялар медицина коомчулугунда тынчсыздануу жаратып жатканын белгилеп, мындай иштер объективдүү медициналык экспертизанын жана мыйзам талаптарынын негизинде каралышы керектигин билдирди.
Илимбек Кубанычбеков медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруунун натыйжалуу механизмин түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул бейтаптардын укугун коргоого жана дарыгерлерди негизсиз материалдык жана укуктук басымдан сактоого өбөлгө түзөт.
«Камсыздандыруу дарыгерди жоопкерчиликтен бошотпойт. Күнөөлүү болсо мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок медициналык тобокелдик менен дарыгердин күнөөсүн бирдей кароого болбойт. Бейтаптын укугу да, дарыгердин укугу да корголушу керек», — деди депутат.
Ал дарыгерлер өз ишин коркуу менен эмес, адам өмүрүн сактоого болгон ишеним жана мамлекеттин мыйзамдуу колдоосу менен аткарышы керектигин белгиледи.