www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-сентябрда мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан шартта алардын базарларда сатылып жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көтөргөн маселелер боюнча жолугушуу өттү.

Жолугушууга Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов, «Учкун» ААКтын жетекчиси Бакытбек Султанов жана депутат Дастан Бекешев катышты.

Тараптар мектептер үчүн басылып чыга турган окуу китептерине QR-код жайгаштыруу маселесин талкуулашты. Бул китептердин кыймылын көзөмөлдөп, алардын кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгенин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, QR-код аркылуу окуучулар менен мугалимдер окуу китептерине байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга кире алышат.

Жолугушууда окуу китептерин басып чыгарууга каралган каражаттарды каржылоо жана бул багыттагы иштерди колдоо маселелери да каралды.

Дастан Бекешев окуу китептерин басып чыгарууга зарыл болгон каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Последние новости