www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуучуларга акысыз берилүүчү окуу китептеринин базарларда сатылып жатышын текшерүүнү тапшырды.

ИИМ, УКМК жана Агартуу министрлиги китептердин базарларга кандай жол менен түшүп калганын аныктап, басылып чыккан жана бөлүштүрүлгөн нускаларды расмий документтер менен салыштырат. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев “Учкундан” чыккан окуу китептеринин базарда сатылып жатканын айтып, алардын мектептерден кандайча чыгып кеткенине кызыккан. Агартуу министрлиги да бул фактыны текшерүү зарылдыгын билдирген.

Последние новости