www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы мектептердин окуучулары “что” деген сөздү да туура жаза албайт. Бул тууралуу депутат Максат Сабиров парламент отурумунда билдирди.  

Ал Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылып, мектептердин билим деңгээлин текшерүүчү ведомстволук комиссия барбы деп кызыкты. Ар бир окуу жай аккредитация аларын жана алар аны ар беш жыл сайын узартып турушат деген жооп уккан соң, депутат билимдин сапатын жыл сайын текшерип турууну сунуштады. Анын айтымында 5-6-класстардын окуучулары “что” деген сөздү да туура жазалбайт.  

Мындан улам ой кетет экен, депутат мектептерге барып 5-6-класстардын дептерлерин текшерип көргөнбү же балдарынын дептерлерин текшерип көргөнбү?..

Мүмкүн, төрагасынын кечээки сөзүнөн кийин, анын адашканын мугалимдерге шылтагысы келдиби?.. Же төраганын премьер-министрге жазган катындагы эсеби жок каталарды эстеп кеттиби?..

Балким, окуучулар спикер агасын кумир тутуп, анын жолун жолдогусу келип жатышкандыр...

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости