www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Конгресси президент Дональд Трампка карата импичмент процедурасын баштаганы турат.

Бул тууралуу Конгресстин палата өкүлдөрүнүн спикери-демократ Нэнси Пелоси билдирди. Ал атайын билдирүү жасап, Дональд Трамп “президенттик кызматтын кадыр баркын кетирди, улуттук коопсуздукту камсыздай албай, шайлоонун баалуулуктарын сатты” – деген кине коюлуп жаткандыгын маалымдады. Ал эми негизиги себеп болуп, жакында Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон баарлашуусу айтылууда.

Айрым маалыматтар боюнча анда Трамп Зеленскийден АКШдагы боло турган президенттик шайлоодогу талапкер Жо Байдендин уулу Хантер Байденге карата тергөө иштерин жүргүзүү керектиги тууралуу айткандыгы болууда. Муну демократтар “шайлоодогу негизги принциптерди көзгө илбөө” деп баалашууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости