www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков Нур-Султан шаарында иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагындагы жолугушуулардын биринде орус тилинде сүйлөгөн видеосу Фейсбукта талкууланып жатат.

Баягы эле биздин кыргыздар: "Дастан Жумабеков орусча сүйлөй албайт..."-деп шылдыңдап, аны орус тилдүү интернет колдонуучулар коштоп, кемсинтип жатышат. Ал видеону көрүп чыктым жана өкүнүчтүү мындай ойго келдим.

Эмнеге Кыргыздар - орус тилинде анча-мынча ката кетирип койсо, өзүбүздү өзүбүз кемсинтип, бөлөктөргө тебелеп беребиз? Россияда төрөлүп, Россиянын курамында, керек болсо эгемендиги жок кавказдыктар орус тилин чулдурап сүйлөшөт, ал үчүн сыймыктанышат. Бири бирин мыскылдабайт. Грузиндер болсо орус тилин так сүйлөбөгөнү үчүн мактанышат. Биз кыргыздар гана, кыргыз орусча сүйлөп жатып адашып кетсе кыраан-каткы күлкү кылып, шылдыңдап жыргап талкуулайбыз. Көп тил билгиле, бирок башка тилде адашып калган кыргыздар өзүбүздү шылдыңдабасак!

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости