www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Ый угулган бөлмө"

Жаштайымдан эрке өстүм. Ата-энем, студент болушканына байланыштуу мен чоң энемдин колунда чоңойдум. Кийинчерээк ата-энем окууларын бүтүп барышып, мектепте мугалим болуп иштеп калышты. Мени, бир-туугандарың менен чогуу өс дегенине карабай, чоң энемдин жанынан кетпей койдум. Акыры тажаштыбы тим коюшту. Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарында болуп, тырышып жакшы окудум. Бирок, өтө эрке айтканын бербеген өжөр элем. Мектепти аяктап борборго окууга барам деп туруп алдым. Чоң энем жанынан чыгаргысы келбейт. Чон атамдын көзү өткөнүнөн бери мени жанынан чыгара элек эле.

Кечке ыйлап, айтканымдан кайтпаган мени акыры тажаганда борборго чоң энем өзү алып келди. Өзүнүн сиңдисинин уул-келинине мени табыштап, кетти. Окууга өттүм. Атамдын бөлөсүнүн үйүндө жашап калдым. Негедир жеңеге жакпадым. Агам келгенде андан жакшы киши жок. Көзүмдү карап калат. Ал жокто кагынып силкине берет. Бала болуп, мындай кагып-силкүүнү көрбөгөн жаным жаман болуп жүрдүм. Бир күнү өз апам менен телефондо сүйлөшүп ыйладым. Ал жатаканага чыгып ал деди. Чоң энем көнбөйт десем, сен көндүр сабактарга жетишпей жатам деп калп айт деп үйрөттү. Туура көрдүм.

Эртеси чоң энем менен байланышып, жатаканага чыкпасам сабактан жетишпей жатам дедим. Кыйылып жатып макул болду. Кийимдеримди алганы барсам, атамдын бөлөсү каршы чыкты.

-Жок, группалаштарым менен бирге сабак окуйм дедим. Акыры көндү. Кетип жатканымда жеңе өлө сүйүнүп,  келип тур дейт. Макул деп коштошуп чыгып кеттим. Өзүм эңсеген жатаканага да чыктым. Бирок, бир жаман жери, жыл ортолоп калгандыгына байланыштуу бөлмө жетишпей, мен бешинчи курстун студенттери менен жашап калдым. Улуулар менен жашап жатканымды айтып наалысам, группалаш эки кызым да бешинчи курстар менен жашап тажашканын айтып кейип кепчишти. Биз өзүбүзчө жашагыбыз келип, бош бөлмө издей баштадык. Акыры мен жашаган кабаттын эң четиндеги бөлмө бош болуп, ошол бөлмөнү алдык. Кийимдеримди көчүрүп жатсам:

-Айжан, кайсыл бөлмөгө чыктың деп бөлмөлөштөрүм сурап калышты...

-Эң четки бөлмөгө.

-Эң четки? Баары жабыла сурашты.

-Ооба,  дайыма  жабык турчу эле гоо.                          

-Ошону сага бердиби?

-Эжелер ишенкиребей сурашты.                                 

-Ооба, башында бербей коюшту эле, мен ректорго арыз жазып жүрүп алып алдым    дедим    эрдемсий. Ошентип ал жактагы калган   буюмдарымды   алып, чыгып кеттим. Жаңы бөлмөгө көчүп келип, үчөөбүз жыргап калдык. Терезенин астына Айсара   жайланышты.   Андан бери Чолпон анан мен четки кроватты ээледим. Кенен дем алып, ашканага барып  үчөөбүз  бирге  тамак жасап, кечки тамакты көңүлдүү жеп жатып калдык. Түнү уктап атсак эле Айсара кыйкырып, баарыбызды ойготту. Жаман түш көрсө керек, - деп кайра уйкумду уладым. Мен негизи уйкучумун. Эртең менен туруп сабакка жөнөдүк. Айсаранын оозу  толгон   учук   чыгып, ал сабакка барбай бөлмөдө калды. Чолпон экөөбүз сабакка жөнөп кеттик. Сабактан чыксак аталаш агам мени күтүп туруптур. Көрүп кубанганымдан кыйкырып жибердим. Чоң энем экөө келгенин айтты.

Чоң энем сиңдисинин үйүндө экен. Чолпонго жатаканага барбашымды айтып коюп, чоң энемди көздөй зуу койдум. Чоң энеме эркелеп эки ала күн сабакка барбадым. Чоң энемдерди   узатып   коюп, мен үчүнчү күнү сабакка барсам, Айсара менен Чолпон сабакка келбей жатышканын айтышты. Мугалим  өзүңөрчө бөлмөгө чыгып, чардап сабакка келбей жатсаңар керек деп наалыды.

Сабактан чыгып, бөлмөгө бардым, Экөө тең жок. Аларды күтпөй тамак жасадым. Чоң энем алып келген базарлыкты столго коюп күтсөм келишпеди. Түн киргенче күтүп, тамак ичип жатып  калдым.  Катуу  уктап кеткен  экенмин  бирөөнүн онтогонунан  ойгонуп  кеттим. Көзүмдү ачтым эч нерсе жок. Түшүм го деп кайра уйкуга сүңгүдүм. Бирөөнүн ыйлаганынан кайрадан чочуп ойгондум.   

Бөлмөдө менден башка эч ким жок. Бирок кыз баланын жалынып суранган, ыйлаганы кадимкидей жакын эле жерден угулду. Туруп жарыкты жактым. Жүрөгүм оолугуп туруп алды. Түнкү саат эки какты. Келме келтирип коюп кайрадан уйкуга баш койдум. Бирөө   муунткандан ойгонуп кетсем, жанымда чачы жайылган бети кан аралаш бир кыз турат. Алышып, түртүшүп эшикке качып чыктым. Андан аркысы эсимде   жок. Ооруканадан өзүмө келдим. Оозум толгон учук. Бетим таанылбайт. Көрсө коридорго бетим менен кулаган экенмин, бети-башымдын  баарысы     көк ала.

Айсара менен Чолпон мени   көргөнү   келиптир. Экөөнүн тең үрөйү учуп алган. Эмне болду деп сурап коюшат.

Болгон   окуяны   төкпөй чачяай баяндап бердим.

-Жиндисиң го, биринчи ый угулганда эле качпайт белең дешти.

-Түшүм го дегем дедим.

-Биз биринчи   тунөгөн куну эле мага сезилген - деп Айсара кеп салды, уктап атсам эле бирөө колумдан   кармап, ыйлаган үн кулагыма угулганынан түнү бою чочуп уктабай чыккам. Эртеси   эжемин үйүнө кетип калгам.

-Сабактан келсем сен кетип калыпсың. Чолпон сөз кошту. Чарчап келип уктап кетиптирмин. Турсам  күн кеч болуп калыптыр. Экөөңдөн болсо дайын жок. Жумуртка кууруп жеп, уйкум келбей көпкө сабак окудум. Түн бир оокумда жаздыкка баш койдум. Катуу уктап калган экенмин, кроваттын термелгенинен ойгондум. Бирөө ыйлал жаткандай үн угулду. Коркуп сыртка качып чыктым. Аңгыча группанын куратору Асылкан эжей келип калды.

-Кандайсыңар?

-Жакшыы, жарыша жооп узаттык.

-Жакшы болгон силердии. Бизди жекире карады. Жөн жүрбөй эмнени баштадыңар?

-Эч нерсени, баш чайкадык.

-Билмексен боло калышат. Силерге жатакана жетекчилиги ал бөлмөнү бербей   койсо, арыз жазып жүрүп алган экенсиңер гоо.

-Ооба, ошенткенбиз дедик бир ооздон.

-Кыздар жашсыңар да. Ал бөлмөдө бир эмес үч кыз каза болгон экен.

-Кандайча?

-Беш алты жыл мурун ошол бөлмөдө, бир кыз жалгыз калыптыр. Түнү тентек балдар кирип, кызды аябай зордукташып, өзүн кроваттын башына асып өлтүрүп кетишкен экен. Ошондон бери ошол бөлмөдөн кыздын ыйы угулуп турат экен. Андан эки үч жыл өткөндө ал бөлмөгө силерге окшоп укпаган эки кыз  чыгыптыр.   Жашагандарына  көп  болбой бири терезеден учуп өлүп, экинчиси   бөлмөдө  жүрөгү жарылып өлгөн экен деп сөзүн аяктады. Үчөөбүз бири-бирибизди  карап  элейип туруп калдык.

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости