www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-сентябрда «Россия 1» каналы Андрей Малаховдун «Прямой эфир» көрсөтүүсү чыгып, ал көрсөтүү миллиардер Александр Маруговдун уулу Владимирдин жол кырсыгынан каза болгонуна арналды. Бул жол кырсыгына Исламбек Акбаров аттуу кыргызстандык таксист күнөөлөнүп жатат.  Владимир Маругов 2019-жылы 8-июлда Москва шаарынын көчөсүндө мотоцикл айдап баратып Исламбек Акбаров башкарып бараткан такси унаасын сүзүп каза болгон.

Көрсөтүүнүн алпаруучусу Андрей Малахов талкуу учурунда бул жол кырсыгы кокустук эмес, буюртма киши өлтүрүү болушу мүмкүн экендигин айтты. Анын версиясын студиянын айрым коноктору кубаттап кетишти. Ал эми маркумдун апасы Татьяна Маругова муну колдобой, кокустук экенин айтса да көрсөтүүнүн коноктору аны ишендирүүгө аракет кылышты.

Ал эми Малахов өзү болсо көрсөтүүнүн конокторун кыргызстандык таксист тарапка ачык эле көкүтүп баштады. “Рулда 20 жаштагы бок мурун болгон. Ал башка өлкөдөн келип алып, эки ай таксиде иштеген. Ага жүз миң доллар берсең, ал акча анын бүт үй-бүлөсүн, бүт айылды, тууган уругун бактылуу кылат. 10 долларлык айлык алган алар өмүрүнүн аягына чейин мынча ача таба алышпайт”, -дейт Малахов.

“Эксперттер” да Малахов тарапка өтүп алышып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи менен Акбаровдун жактоочусуна сөз бербөөгө аракет кылышты.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости