www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат миграция министрлигин түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева миграция маселесин караган өзүнчө мекеме зарыл экенин белгилеп, аны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин курамынан алууну сунуштады. Бул тууралуу депутат 2-февралда парламенттеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында айтты. Ал мигранттардын маселеси каралбай калганын, үнү угулбай жатканын кошумчалады.

"Миграция министрлигин өзүнчө түзүшүбүз керек. ТИМге, ИИМге алып берип, ал эми булардын жөлөк пул жана башка көйгөйү башынан ашып атат. Ал жак, бул жакка түртүп жатабыз. Мигранттын жашоосун мен барып көрүп келгенмин. Ал жерде мамлекеттен бир дагы жардам албайбыз деп ыйлап отурушат мигранттар. Каяктагы жомокту сүйлөп, реферат менен коргоп жатасыңар форум болду деп. Форумду дагы көрүп атам. Өткөрө алган жоксуңар. Эң эле жөнөкөй медициналык камсыздандыруу полисинин суммасын билбей жатасыңар. Мигранттын жашоосуна кызыгып көрүш керек да. Ушул тармакты караган өзүнчө мекеме түзүү тууралуу фракциянын чечимин өкмөткө сунуштайлы", - деди эл өкүлү.

Бул күнү депутаттар министрликтин 2021-2030-жылдарга Кыргызстандын миграция саясатынын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматын угушту. Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарабев баяндама жасады.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости