www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда жаңы автобустар кайрадан каттамга чыкпай калды

Өзбекстан метан газын бербей калгандыктан Жалал-Абад шаарында каттамга киргизилген жаңы автобустар кайрадан ишин токтотту. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы акыркы 10 күндөн бери Өзбекстан газ бербей жатканын билдирди.

Ушундай эле себеп менен 2023-жылдын аягы, ушул жылдын башында автобустар каттамга чыкпай калып, 9-январда кайра иштеп баштаган.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыккан. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жатат.

Кошуна өлкөдөгү инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Сузак районунун аймагына метан газ куюучу станциянын курулушу башталган. Ал салынып бүтө элек.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобус тапшырган. Шаарга акыркы жолу 2010-жылы Кытайдан 17 автобус алынып келген. Анын ичнен 10 автобус бузулуп, 7 автобус гана иштеп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости