www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» фракциясынын мүчөсү Гүлкан Молдобекова 12-сентябрда парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынды деген маалыматка байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берди.

Депутат өзү Өзбекстанда иш сапарда экенин белгилеп, тинтүү жардамчысына байланыштуу жүргүзүлгөнүн айтты. Депутаттын белгилешинче, анын жардамчысы документ жасоого байланыштуу кармалган болушу мүмкүн.

«Менин иш бөлмөмө кирбептир. Жардамчымдын өзүнүн иштери бар экен, ошого байланыштуу кармап кетти деген маалымат алдым. Бирөө практикада жүргөн эле, ага кол дагы койо элек болчумун. Документ жасалмалоого байланыштуу дегенди гана уктум. Мурда 6-чакырылышта бул бала машине айдап жүргөн, 7-чакырылышта мен жардамчы кылып алгам. Азыр Өзбекстандамын, мен дагы кабарлардан көрүп нес болуп калдым. Өзү менен байланышкан жокмун. Менин иш бөлмөм ачылбаптыр, кабылдамадан эле аны алып кетиптир», — деди Молдобекова.

Последние новости