www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы учурларда мамлекеттик органдардын, жалпы билим берүү мекемелеринин, ири соода борборлорунун жана аэропорттордун имараттарында бомба коюлгандыгы тууралуу атайылап жалган кабарлар келип жатат. Бул коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет. Мындай жалган кабарлар турмуштун нормалдуу ыргагын бузуп, мекеме-уюмдардын ишин үзгүлтүккө учуратып, коопсуздук үчүн жарандарды эвакуациялоону талап кылат. Мындай учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна чыныгы коркунучтун болушун алдын алууга багытталып, мүмкүн болуучу терс кесепеттерге жол бербөө максатында тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик кызматтардын күчтөрүн жана каражаттарын түздөн-түз милдеттерин аткаруудан мажбурлап алаксытууга алып келүүдө.

Ушундай учурлар, тактап айтканда террордук актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо фактылары ички иштер органдары тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. 

Террордук акт жөнүндө жалган маалымат келип түшөрү менен ал жасалган кылмыш деп эсептелет. Мындай жалган маалыматтар үчүн эркинен ажыратууга чейин алып келерин эскертебиз. Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) көрсөтүлгөндөй, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Последние новости