www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан Социал-демократтар фракциясынын депутаты Музаффар Исаковдун үстүнөн Сузак райондук сотунда жүрүп жаткан жараян төртүнчү ирет артка жылды. 25-апрелдеги отурумда соттолуучулар толук катышпагандыктан, судья кийинки отурумду 14-майга белгиледи. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Музаффар Исаков баштаган эки адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иш Сузак райондук сотуна март айында келип түшкөн.

Андан бери жараян соттолуучулардын жана күбөлөрдүн толук эместигинен улам жылып келди.

Сотко катышып жаткан укук коргоочу Анарбай Орозовдун билдирүүсүндө, депутат Исаковдун белгисиз себеп менен сотко келбей койгону жараянды үзгүлтүккө учуратып жатат.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылдын февралында кылмыш ишин козгогон. Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда "315 мыйзамсыз токтом чыгарган, 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген" деп айыпталууда. Ошондой эле тергөө маалында жарандар жер тилкелерин Исаков сатканын билдиришкен. Депутат өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости