www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Камаши райондук кеңешинин депутаты Панжи Нуртоев 9-класстын окуучусун аёосуз сабаган деп айыпталууда. Бул тууралуу Газета.uz басылмасы өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, 15 жаштагы окуучу менен Панжи Нуртоевдин 8-класста окуган небереси кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн. 4-ноябрга караган түнү өспүрүм терезеден кыздын бөлмөсүнө кирген. Аны байкап калган Нуртоев уулу менен бирге окуучуну катуу сабаган.
Ошол эле күнү таңкы саат төрттө өспүрүм райондук ооруканага жеткирилип, ага мээси чайкалган жана бети тытылып, көгөргөн деген диагноз коюлган.
Алгач бул иш боюнча тергөөгө чейинки тактоо иштерин райондук ички иштер бөлүмү баштап, бирок кийин топтолгон документтер прокуратурага өткөрүлүп берилген. Анткени Нуртоев жергиликтүү кеңештин депутаты болгондуктан, аны депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу үчүн прокуратуранын сунуштамасы жана кеңештин макулдугу талап кылынат.
Ал ортодо Нуртоевдин иш-аракетин талкуулоо үчүн Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясынын Кашкардарыя облустук кеңеши жыйын өткөрүп, аны партиядан чыгаруу жана депутаттык мандатын чакыртып алуу чечимин кабыл алганы кабарланды.
Булак: NazarNews.kg