www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттин Шарм аш-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP27) Тараптарынын 27-конференциясы башталды. Бул тууралуу трт.нет билдирди.
Саммиттин ачылыш сессиясында COP26нын президенти Алок Шарма мөөнөттүү төрагалыгын Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукриге тапшырды.
Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө айлана-чөйрө боюнча «эч нерсе кылбоо» абалды шал кылып жатканын билдирген Шарма, саммитте климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу конкреттүү кадамдардын ташталышы керектигин белгиледи.
Египеттин министри Шукри дүйнө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн поляризациялык ыкмасын уланта албайт деп билдирди. Шукринин айтымында, азыркы кырдаал чукул эл аралык аракеттерди талап кылат.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча дүйнөдөгү эң кеңири саммит болгон Климаттын өзгөрүшү боюнча конференция 18-ноябрга чейин уланат.
190го жакын өлкөдөн 100дөн ашуун мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар жана 40 миңден ашуун катышуучулар күтүлгөн конференцияда парник газдарынын эмиссиясын азайтуу, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө бериле турган климаттык компенсация пландары саммиттин эң маанилүү күн тартибин түзөт.