www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ноокатта мугалим окуучуну зордуктаганын билдирген. Бул боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

«Бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-Жаза кодексинин 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1982-жылы туулган тургуну кармалып, 24-март күнү камакка алынып, райондук сот тарабынан бөгөт коюу чарасы камак түрү тандалган. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда»,— деп айтылат маалыматта.

Последние новости