www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат окуучулардын денесине чип орнотууну сунуштады

Коопсуздук үчүн 14 жашка чыга элек мектеп окуучуларынын денесине чип орнотуу керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында сунуштады.

"Окуучулар 14 жашка чыкканга чейин телефон колдонууга мыйзам түрүндө тыюу салууну сунуштайм. Азыр технологиянын өнүккөн кези, эгерде баламды таппай калам десе, денесине чип орнотуп койсун. Себеби мына телефондун ичинде эмнелер гана бар экен да. Тарбиялык жагын ойлосок, 14 жашка чейинкилерге телефонго кармоого тыюу салалы", — деди Коргонбай уулу.

Эл өкүлү мыйзам боюнча балдар 14 жаштан кийин бир ишке жарамдуу деп тааныларын, андыктан мындай чектөө туура болорун жүйө келтирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости