www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн өзгөртүү маселеси Жогорку Кеңеште каралууда. Депутаттардын алдына вице-спикер Эркин Асрандиев, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана башка өкмөт мүчөлөрү келишти.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин трибунасында депутат Өмүрбек Бакиров баяндамасын окуп жатат.

"Бүгүнкү күндөгү эң оорчундуу маселелердин бири Тоокен тармагындагы коррупциянын гүлдөп жатканы.

Ага кошумча, баш мыйзамдын иштебей жатканы бизди өкүндүрөт. Баалуу байлыктарыбыз элибизге, жерибизге пайда алып келбөөсү, мамлекеттин экономикасына терс таасирин тийгизди.

Президенттин калктын камын ойлогон саясатын Жогорку кызматты ээлеген ыйгарымдуу өкүлдөр, тиешелүү жетекчилер такыр тескери нукка буруп, жеке кызыкчылыктарын кылып жатышат. Жогорку Кеңеш канча жолу токтомду кабыл алып жатканы менен коррупция күчөп баратат.  Ушунун айынан Бийликтин кулу экенибизди далилдеп жатабыз", - деди Бакиров.

Булак: NazarNews.org

Последние новости