www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече депутат төрага Дастан Жумабековдун алешем иштерин атап, мыйзам бузду деп айыпташты.

Мындай кептер спикер "эгер парламент жакпаса, сиздерди эч ким кармабайт" деген сөзүнөн кийинки талкуу учурунда айтылды.

Жанар Акаев төрага депутаттарга болушуунун ордуна дайыма өкмөттү мактап, ода кылып ыр төккөн деңгээлге жетип калганын айтты.

"Өкмөт, күч органдары бизди кагып-силксе да унчукпайсыз. Сизге бир канча суроолорубуз бар. Буга чейин өкмөткө катасы толтура кат жазып, парламентти уят кылган кишини ЖК аппаратынын башчысы кылып койдуңуз. Ушуга жооп берип коюңуз. Атайын комиссия түзүп төраганын фондунан бөлүнгөн акчаларды, энчилүү кол саат, грамоталар кимдерге берилип жатканын текшерип чыгууну сунуштайм. Адилет карап, жүзүбүз жарык кетели", — деди Акаев.

Андан соң Каныбек Иманалиев чыгып спикер Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчылыгына билимсиз, мурда кылмыш жасаган адамды дайындаганын эске салып, сынга алды.

"Биз эл аралык келишимдер менен иштегендиктен комитеттин бөлүм башчысы юрист же чет тилди билген адам болушу керек. Сиз комитет менен макулдашпай туруп бир жигитти алып келдиңиз. Анын кылмыш иши бар экен, бүт эл шылдыңдап жатат. Комитеттин 14 мүчөсү парламентте иштеген, төрт тилде сүйлөп, мыйзамды билген кадрды сунуштасак, макулдашпай туруп аны дайындап койдуңуз. Ал бөлүм башчы азыр биз менен эсептешпейт", — деди Иманалиев.

Бул айыптоолор боюнча Дастан Жумабеков кийинчерээк жазуу түрүндө жооп бере турганын билдирди.

Буга улай Максат Сабиров "спикер парламентти шылдың кылып жатат" деп ар кайсы жакта айтып, жазып жатышканын белгиледи.

"Буга чейин сиздин түрдүү иштериңизди көрүп турсак да унчуккан эмеспиз. Сиз дагы бизге жакпай жатсаңыз кызматтан кет деп айтышыбыз керекпи?  Алдыгы жерде отургандан кийин сый-урматты билиңиз. Биздин башыбызды бириктирип турсун деп отургузганбыз. Анан бизди кет дегенге укугуңуз жок", — деди Сабиров.

Соңунда Жумабеков ар ким өзүнүн сынын билиши керектигин айтып, жыйынды андан ары улантты.

Соңунда Жумабеков ар ким өзүнүн сыйын билиши керектигин айтып, жыйынды андан ары улантты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости