www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты — мамлекеттик социалдык камсыздандырууда камсыздандыруу салымдарын жыйноону башкаруу боюнча иш- милдеттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карамагына өткөрүп берүүнү мыйзамдык жактан камсыз кылуу болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости