www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Россиядагы элчилигине мигранттар тарабынан коркутуулар болуп жатканын угуп, аныгын билүү максатында жарандык активист Тимур Саралаевди кепке тарттык. 

--Тимур мырза, чын эле Аликбек Жекшенкуловдун өмүрүнө кооптуу жагдай жаралып, мигранттар асып коёбуз деп коркута баштадыбы?

--Социалдык тармактарда, өзгөчө инстаграммда кыргыз “москвичтер” арасында ар түрлүү эмоциялуу чакырыктар көп, көбүнчөсү - элчиликти өрттөп салыш керек деген сыяктуу сөздөр карантин башталгандан бери байма-бай айтылып келе жатат. Тилекке каршы, бир топ мигранттар, өзгөчө жаштар арасында деструктивдик ой жүгүртүү күч алып, алардын аң сезиминдеги менин айылымдын мыйзамдары – ааламдын мыйзамдары деген принцип орун алды.

--Алар күндө эшик каккылап келип, элчиликтин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей, чыр чыгарып жатабы?

--Андай учурлар көп эле болуп жатат. Ар кандай адамдар бар экен, көбү өз керт башын гана ойлоп, калганы эмне болсо, ошол болсун дегендер да бар. Мисалы, соңку күндөрү жаш эле эркек кишилер, аларды жигиттер деп мен айта албайм, анткени алар топтолуп алып, бакырып-өкүрүп, эшиктерди тепкилеп, улам-улам түз эфирлерден өйдө-төмөн сөздөрдү айтышып, кош бойлуу келиндерден, кичинекей балдары бар аялдардан жана ооруп жаткан адамдардан 17-майда боло турган рейстен орун талашып жүрүшөт. Кыскасы, жетээр  жерге жетиппиз...

--Алардын негизги талабы эмне акча алуубу же үйүнө кетүүбү?

--Алардын негизги талаптары чек араны ачуу, мекенге кайтуу, рейстерди уюштуруу. Бирок, кетем деген адамдарды саны өтө көп, Москвада жана Москва облусундагы жашаган кыргыздардын аз дегенде 10% кеткенге даяр, а бул болсо 50-60 миңдей кишини түзөт. Анын баарын Кыргызстанга алып кетүү оңой иш эмес.

--Балким,  мигранттарга бөлүнүптүр деген каражаттар уктатпай аларды элчиликтин алдына барып, өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөтүп жаткандыр?

--Ооба, ал да мигранттардын арасында пасчылык ой-кыймылдардын пайда болушуна себепкер болду. Тилекке каршы ошол бөлүнгөн каражатты баарына жетет деп ойлогондор көп болду. “Батирлерибизди төлөгүлө, акчаны 2 миңден 13 миңге чейин ар бир мигрантка бергиле” деп догурунгандар да болду. Ошол акчаны талап кылгандар керек болсо эсептегенди билишпейт .10 млн.сомду 1 млн.мигрантка бөлүп салса канчадан тийерин.

--Айтканга түшүнүп калышкандары барбы же баары эле огрессивдүү болуп жатышабы?

--Калыстык үчүн айтып кою керек, өзүлөрү ачка жана акчасыз олтурса да, эл көргөндү көрөбүз деп олтурган кыргыздарбыз өтө көп. Жардам берели десек да, - кой, биз чыдай туралы, башкалардын камын көргүлө деп, бала-чакалуу адамдар баш тарткандар да бар. Аз болсо да менин салымым деп, өзүлөрү келип, этин, жумурткасын, жанагы, мурдун чүйрүп – “арзан макаронду алып келишиптир” деген макарондорду сатып келип, тыштап кеткендер, же акчасы жок болсо да, кол кабыш кылалы бош отурганда деп, тамак-аш таратышып өзүлөрү машиналарына май куюп алып келген таксист балдар, колл-центрге келип күнү-түнү телефон чалууларга жооп берген эже-карындаш, ини-агалар абдан көп. Бирок, ошону менен бирге, сөздү укпаган эмес, уккусу келбеген, агрессивдүү сакалдуусу да, жашы да көп. Жеке турмушундагы кандайдыр бир түйшүктөрдү учурда элчиликтен гана чыгарып жатышат. Алы жеткени гана ошол жак. Ушул апаат, көп нерсени ачыктап койду, Россиядагы кыргыз коомдорунун жетекчилеринен баштап, катардагы мүчөлөрүнө жана активисттерине чейин айрым кыргыздардын бул жактагы бейбаштыгына жана тартипсиздигине абдан наразы. Көбү жумуш таап, бекер жатаканаларга 15 күндөп багып жатышса, алар диаспора өкүлдөрүн орустардын алдында уят кылып, жер каратып басып кеткен учурлар бар, ишенбесеңер Москвадагы Асель Лабаева эжеден сурап көрүңүздөр. Жыйынтыгында мен айткым келет, биз сабак алып, демократия менен ойнобой, оңолбосок болбой калыптыр.

Булак: NazarNews.org

Последние новости