www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков баяндама жасады.

Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү сотторундагы судьялардын штаттык бирдигин кыскартып, ошол эле учурда кээ бир сотторго кошумча штаттык бирдигин киргизүү жолу менен жергиликтүү соттор арасындагы иш жүктөмүнүн теңсиздигин жоюу жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууну жакшыртуу болуп эсептелинет.

Республика боюнча 37 райондук (шаардык) жана облустук соттордон 42 судьялык штат бирдиги кыскарып, алардын иш жүктөмү 9 райондук (шаардык) жана Бишкек шаардык сотуна которуу сунушталат. 

Алсак, Бишкек шаардык сотуна – 3, Ленин райондук сотуна – 4, Биринчи май райондук сотуна – 14, Октябрь райондук сотуна – 2, Свердлов райондук сотуна - 2, Ош шаардык сотуна – 9, Кара-Суу райондук сотуна – 2, Аламүдүн райондук сотуна – 4, Жалал-Абад шаардык сотуна – 1, Сузак райондук сотуна – 1 судьялык штат бирдиги берилет.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости