www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстониялык депутат парламенттик жыйынга онлайн режимде кошулуп, тамеки чегип, музыка угуп, төшөктө жатты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Эстониянын оппозициялык партиясынын мүчөсү Тармо Круусимяэ парламенттин сессиясына үйүнөн онлайн форматта кошулуп, ыңгайсыз абалда калды.

Парламент жыйынында депутаттын суроосун угуу үчүн камерасы күйгүзүлгөндө, депутат төшөктө майкачан, электрондук тамеки чегип, музыка угуп жаткан. Ал экранды карап жатса дагы, ага сөз берилгенин байкаган эмес. "Аралыктан иштөө - бул бакыт да, азап дагы. Мен парламент жыйынындагы ишти абдан маанилүү деп эсептейм. Бирок мен ыңгайсыз абалда калдым", - деп билдирген ал.

Анын айтымында, ал парламентте сүйлөп жатып эч качан электрондук тамеки чеккен эмес. Эгер ал суроо берилерин билсе, кийинип, тамекисин таштап, ылайыктуу фонду тандамак.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости