www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн өкмөт дарыгерлердин талабын угат

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте өткөн митингге байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде кеңири жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Артём Новиков медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгилеген.

«17-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет.

Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз», — деген Новиков.

Эске салсак, 16-апрелде ондогон медицина кызматкери Ак үйдүн жана Өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артём Новиков кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости