www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинен маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык өз ара байланыштар талкууланды. Ошондой эле тараптар президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу сүйлөштү. Андагы сүйлөшүүлөрдө кабыл алынган бардык келишимдерди ишке ашыруу боюнча эки өлкөдө тең жетиштүү чаралар жүргүзүлөрүн кошумчалаган.  Талант Мамытов менен Танзила Нарбаева парламенттер аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да ой бөлүштү.

Андан тышкары, жолугушууда "Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу" платформасы жана гендердик теңчиликти камсыздоо маселелери каралды. Кыргыз тарап алгачкылардан болуп жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квота бөлүү тууралуу ченем ишке ашырылганын маалымдашты. Натыйжада жергиликтүү кеңештерде айым депутаттардын саны көбөйгөнү айтылды.

Баарлашуунун соңунда Талант Мамытов Танзила Нарбаеваны Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости