www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында медициналык мекемелерде лицензиясы жок компаниялардан кычкылтек сатып алуу маселеси көтөрүлдү.
Эмгек, саламаттык сактоо, аялдардын жана социалдык маселелер боюнча комитеттин отурумунда депутат Мавлюда Калбердиева Эсеп палатасынын отчетунда медициналык мекемелер кычкылтекти тиешелүү лицензиясы жок компаниялардан сатып алганы көрсөтүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, кычкылтектин баасы 85 сомдон алынган. Ошол эле учурда аны 60–65 сомго сатып алууга мүмкүн экени айтылды.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов дары-дармектер жана медициналык кычкылтек «Кыргызфармация» аркылуу сатып алынарын билдирди. Ошондой эле кычкылтекти Майлуу-Суудагы станциядан сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын айтты.
«Демек, бул техникалык кычкылтек болгон турбайбы?» — деп тактады депутат Калбердиева.
ФОМСтун жетекчиси бул маселе кошумча изилденерин билдирди.
Мындан тышкары, депутат жарандар айрым учурда шприцтерди да өз каражатына сатып алууга аргасыз болуп жатканын айтып, Саламаттык сактоо министрлигинен бейтаптарга акысыз берилиши керек болгон дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын толук тизмесин берүүнү талап кылды.
«Эгерде бир нерсе жок болсо, эмне себептен жок экенин жооп бергиле», — деди ал.