www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын суу каптаган Оренбург облусунда жашаган кыргыздар жардам сурап жатканын депутат Айбек Маткеримов билдирди.

Ал мекендештер кайрылып жатканын белгилеп, маселени эске алууну сунуштады.

"Коңшу Казакстанды, Россияны сел каптады. Андан жабыркагандарга жардам берилүүдө. Оренбургдун чет жагында кыргыздар жашаган айыл бар экен. Алардын да үйлөрүн суу каптаптыр. Алар дагы бизден үмүт кылып жардам сурап жатышат. Ошону дагы эске алып койсоңуздар", — деди Маткеримов.

Эске салсак, Түштүк Уралдагы аймактар быйыл болуп көрбөгөндөй суу ташкынына кабылды. Эң көп жабыр тарткан Оренбург болууда. Россиянын аталган облусуна караштуу Орск шаарында Урал дарыясынан коргоп турган дамба 5-апрелде жырылган. Суу айылдарды каптап, эл көчүрүлгөн. Каза болгондор да бар экени маалымдалды. Ошондой эле аймактык прокуратура дамба өз убагында көрүлбөгөн чаралардан улам бузулганын айтып, бул боюнча кылмыш иши козголгонун белгилеген. Бийликтин айтымында, жаратылыштын бул кырсыгы 21 миллиард рублдик чыгым кылды.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости