www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эртең, 19-апрелде Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдеш башталат. Турнир 21-апрелге чейин уланат.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш, 20-апрелде кыз-келиндер күрөшү жана 21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча балбандар килемге чыгат.

Бул турнирге өлкө атынан эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Эрназар Акматалиев (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (74 кг), Нуртилек Карыпбаев (86 кг), Андрей Аронов (97 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) катышат.

Мелдеш «Бишкек Аренанын» имаратында өтөт (дареги: Виноградная көчөсү 1/3). Беттештер саат 10:30да башталат. Турнирди УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, эркин күрөштө 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг салмактар олимпиадалык болуп саналат. Азырынча эркин күрөштөн кыргызстандык балбандар Олимпиадага жолдомо ала элек.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости