www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Карамат Орозова октябрь окуяларында ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери ишин таштап, качып кеткенин сынга алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аларга эмне үчүн чара көрүлбөй жатат? Жоопкерчилигин караш керекпиз. Булар оозеки команда беришет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жөн жерден кылмыш иши токулган. Бир жарым жылдан бери кылмышты далилдей алышпайт. Далилденбеген соң, ал үй камагына чыгып, соту өтө бериш керек. Октябрь окуясында бир адам каза болуп, бир канча адам жабыркады. Бул окуялар боюнча тийиштүү адамдарга жаза колдонбосок, мындай окуялар кайталана берет. Алар жооп бербесе тергөөчүлөр жооп береби?" - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости