www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп жатканына токтолуп, пандемия учурунда каза болгон ак халатчандарга арнап эстелик тургузууну сунуштады.

Анын айтымында, учурда илдет кайра күчөп жатат.

«Бүгүнкү күндө жалпы ооругандардын саны 100 миңге жетти. Абал дагы кыйындай тургандыгы айтылууда. Андыктан, илдетке каршы күрөшүүнү күчөтүү керек. Айрыкча, дарыгерлерге жана жалпы эле медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү зарыл. Муну менен катар пандемия маалында кызмат кылып жүрүп каза болгон ак халатчандарга арнап эстелик тургузууну сунуштайм», — деди эл өкүлү.

Кошумчалай кетсек, акыркы бир сутка ичинде 305 адамдан коронавирус табылды. Бул акыркы төрт айда катталган учурлардын эң көбү болду. 2020-жылы 14-декабрда 318 адамдан коронвирус табылган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости