www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов 2021-жылы Абшыр-Атага караштуу токой чарба жерин бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып берген. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Анын айтымында, Зиядин Жамалдинов Кулатов айыл өкмөтүнүн 14/3 токтому менен 181 гектар жерди дагы бир тууганына каттаткан.

«Менин колумда Мамлекеттик каттоо кызматынан келген кагаздар турат. Бир күн да ишкерлик менен алектенбей, ушунча жер, ушунча мүлккө ээлик кылган президенттин өкүлүнө уят. Жерлерин окуп отурбайын, УКМК менен прокуратура текшерип чыгышсын. Мен талап кылам. Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башка мүлктөрүн айта элекмин. Андан тышкары, өзүнүн ыйгарым укуктарына таянып, ар бир район, айыл өкмөт, мектеп, керек болсо, райондук билим берүү бөлүмдөрүндөгү кадр маселелерине чейин кийлигишкени туура эмес. Ушуга окшогон кадрлар артка тартып жатат. Инвестор келсе, дайыма бут тосуу менен алек», - деди Жусупбек Коргонбай уулу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости