www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азия өлкөлөрү, өзгөчө Ооганстанга жакын өлкөлөр учак же ок-дарылардын жетишсиздигине дуушар болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, азыр мамлекеттик катчынын жардамчысы Дональд Лу АКШ Сенатынын эл аралык байланыштар боюнча комитетинде өткөн угууда билдирди.
Анын айтымында, мурда СССРдин курамында болгон Борбор Азия өлкөлөрү Украинадагы согушка байланыштуу орусиялык курал-жарактын азайышы мүмкүн экенине тынчсызданууда.
"Коопсуздук тармагында кызматташууга келсек, Орусия Украинада көптөгөн аскердик техникаларды жана ок-дарыларды керектеп жатканын баарыбыз билебиз. Ал үчүн өзүнүн запастарын калыбына келтирүү, андан да башка өлкөлөргө экспорттоо кыйын болот", - деди ал.
Дональд Лу кошумчалагандай, Борбор Азия өлкөлөрү АКШ, Түштүк Корея же Япониядан коргонуу шаймандарын сатып алуусу үчүн сүйлөшүүлөр азыртадан эле жүрүп жатат.
"Бул Орусиянын куралына таянып, чек арасын коргогон Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү. Ооганстанга жакын жайгашкан өлкөлөр күтүүсүздөн учактын же ок-дарылардын жетишсиздигине кабылышы мүмкүн. Бул аларды абдан тынчсыздандырат", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg