www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда абакта отурган жараныбыздын сөөгү Украинадан келди. Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биздин жараныбыз Аян Алишеров Россиянын абагында 3 жылдан бери жазасын өтөп жаткан. Бирок жакында эле анын сөөгүн Укранинанын Луганск шаарынан алып келишти. Россияда абакта отурган жаран кандайча Укранидагы соуш талаасына барып калган? 

Биздин тийиштүү органдар, элчилик иликтесин. Оштун Ноокен районунун кулуну ал жакка өз каалоосу менен кеткенби, же мажбурлап алып кетишкенби?

Урматтуу төрага, (ред. Нурланбек Шакиев) ушул маселе боюнча протоколдук тапшырма берип койсоңуз", - деди депутат.

Эске салсак, Орусиянын абагында жазасын өтөп жаткан кыргызстандык Украинада каза болгон. Ош облусунун Ноокен районунун 30 жаштагы тургуну Аян Алишеров 2019-жылы Орусия Федерациясында “Адам уурдоо” жана “Опузалап талап кылуу” беренелери боюнча соттолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости