www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асылбек Абдалиев аттуу жаран Россияда абакта отурган бир тууган агасынын сөөгү Украинадагы согуштан келгенин билдирди. Маркум буга чейин расмий эмес россиялык түзүм ЧВК «Вагнер» тууралуу сөз кылган.

Абдалиевдин маегин «Супер Инфо» гезити 27-январдагы санына жарыялды

Маалыматка караганда, маркум — 30 жаштагы Аян Алишеров Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну. Ал 2019-жылы Орусияда 3 досу менен чогуу «Адам уурдоо» жана «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен айып тагылып, абакта отурган.

Инисинин айтымында, тагылган айыптар «жалган жалаа» болгон. Жакындары Аянды Кыргызстандагы абакка которуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2022-жылдын июнь айында чечим чыккан. Бирок үстүбүздөгү жылдын 12-январында каза болду деген кабар келген.

«Агам 2022-жылдын 24-ноябрь күнү Донецк облусунун Артёмовск шаарында каза болуптур . Ага чейин телефон чалбай, эки айдай дайынсыз болуп кеткен», — дейт маркумдун иниси.

Асылбек Абдалиев абактагы агасын кыргыз деп күйгөн, ар-намысы бийик жигит болчу деп сыпаттап, кыргыз жараны кандайча Украинадагы согуш талаасына барып калганына таң калып жатканын айтат.

«Бир жолу сүйлөшкөндө “ЧВК Вагнер келди бизге. Украина аркылуу эркиндикке чыгуунун жолдору бар экен” деп калды. Согушка катышам, кеткени жатам деп такыр айткан эмес», — дейт ал.

Аны менен катар, Абдалиев Орусияда абакта отурган кыргыз жарандары көп экенин баса белгилеп, бийлик төбөлдөрүнөн, элчиликтен өз жарандарына кайдыгер болбоону өтүнгөн.

 

Последние новости