www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы расмий билдирет:
Жогорку Кеңештин СДПК партиясынын депутаты Рыскелди Момбековдун “төө буурчак 25 сомго түшүп калды” -деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бүгүнкү күнү, төө – буурчактын баасы анын сортуна жараша 30 сомдон 50 сомго чейин кабыл алынууда. Тагыраак айтканда төө-буурчактын сортторунун баасы төмөнкүчө: “Лопатка” - 40-44 сом, “Томатный” (Американка) -30 сом, “Рябой” - 45-47 сом, “Скороспелка” - 48-50 сом. 30 сомдон кабыл алынып жаткан төө-буурчактын “томатный” сорту аз айдалган. Белгилей кетчү жагдай, эгерде төө-буурчак тазаланган болсо, анда жогорудагы баадан дагы 3-5 сомго кымбатыраак болот. Учурда, төө- буурчакты сатып өткөрүүдө, эч кандай кыйынчылыктар жок. Болгону, “лопатак” сортун кабыл алуу, фирмалардын каржылык маселелерине байланыштуу убактылуу азайтылган. Жакынкы арада кайрадан толук кандуу кабыл алынып баштаарын төө-буурчак кабыл алган фирмалар билдириши. Түзүлгөн кырдаалдан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, 29-октябрда төө буурчакты экспортко чыгаруу боюнча иш алып барган 75 фирманын өкүлдөрү менен жолугушуп, маселенин жөө жайын териштирүү үчүн атайын кеңешме өткөрүү жагын пландоодо. Ошондой эле, кандайдыр бир кызмат адамдары төө-буурчакка “энчиге отуруп алды” – деген ойдон чыгарылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Анткени төө-буурчакты сатып алуу боюнча эч кандай чек коюлган эмес. Каалаган фирма, каалаган баасында сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ. Бүгүнкү күнү, Талас облусунун аймагында Төө-буурчакты кабыл алуу боюнча 75 фирма өз ишин жүргүзүүдө. Аталган фирмалар аркылуу Талас төө-буурчагы, Турция, Албания, Македония, Болгария, Россия жана башка 23 өлкөгө экспорттолуп жатат.
Эске сала кетсек, быйылкы жылы Талас облусу боюнча 57 миң гектар жерге төө-буурчак айдалса анын 99,1 пайызы жыйналып бүттү. Түшүмдүүлүк орто эсеп менен 18,5 центнерден айланган.
Булак: NazarNews.kg