www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таякеси камакта, жээни министр

Узакка созулган оору менен кармашып, жакында эле ажал га моюн сунган Султан Жумагуловдун ордуна Маданият, маалымат жана туризм министри болуп Азамат Жаманкулов келе жатат. Ал буга чейин аталган министрликтин туризм департаментин жетектеп келген.

Бул кызматка 2015-жылы дайындалган. Ага чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу катчылыгынын жетекчиси болгон. Жаңы министр да отуздан жаңы ашты. Ал коррупцияга шектелип УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан Мүлк фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаковдун жээни экени айтылууда.

Сыягы, бийлик таякесин камап койгон каталыгын моюндап кечирим катары жээнин министр кылайын дешкен окшойт. Албетте, мыйзан боюнча ар ким өз башы үчүн жооп берет.

Андыктан Азамат мырза эр тайын тартат болуп, коррупция жыттанган иштерге аралашпай таза иштейт деп тилек кылалы...

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости