www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун үнү делген Интернеттеги аудио боюнча териштирүү башталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырган аудио боюнча экспертиза дайындалат. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, чара көрүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров УКМКдан билдирүү келе электигин, кайсы аудио жөнүндө сөз болуп жатканын билбей турганын жергиликтүү басылмалардын бирине айтты.

“Кечээ ооруп жаткан Бейшен Дүйшембиев деген досумду үйүнө кирип өлтүрүп кетишти. Ошону уккандан кийин “Эмне болгон мамлекетте жашап жатабыз?” дедим. Өзүм да ооруп жатам. Менин эмне деп сүйлөгөнүм тарап жатканын билген жокмун. Мен бийликке каршы чыгам деген жокмун, "Ушу бийлик эмнеге иштебей жатат?" дедим. Эми каршы чыккандан деле кайра тартпай калдык окшойт. Эмне болуп атат? Ооруп жаткан кишини үйүнө кирип өлтүрүп жатышат. Биз бандиттерди "жардам берди" деп мактап чыгарып атабыз”, - деди депутат.

Буга чейин Интернетте парламенттин депутаты Максат Сабировдун үнү делген аудио тарап, анда сүйлөгөн киши бийликтин аракетсиздигин кескин сындаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости