www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл өкүлү алгач Сулайманов президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү арызын жазса жана ал өкмөт башчылыкка бекип калса, өлкө башчынын милдетин Жапаров өзү колуна алып калышы мүмкүндүгүн эске салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өкмөт башчы Садыр Жапаровдон президенттик шайлоону кайра жарыялоо боюнча пикирин сурады.
Алгач Сулайманов президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү арызын жазса жана ал өкмөт башчылыкка бекип калса, өлкө башчынын милдетин Жапаров өзү колуна алып калышы мүмкүндүгүн эске салды.
"Кайра парламенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эл бир мандаттуу шайлоону талап кылып жатат. Биз ошону карап чыгабыз. Азыр бул маселени ойлоно элекмин, отуруп, чогуу кеңешүү керек", — деди Жапаров.
Сулайманов мыйзам боюнча 6-ноябрга чейин БШК шайлоону кайра өткөрүшү керектигин белгиледи. Жапаров так позициясын билдирбей, "бул маселени силер менен биргеликте чечебиз" деп жооп берди.
Ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат.
Булак: "sputnik.kg"