www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко премьер-министрлик кызматка каралып жаткан Улукбек Мариповдун иштөө программасын сынга алды.

Депутат алгач өкмөттүн өнүгүү багыты, түзүмү андан кийин гана курамы түзүлүшү керектегин белгиледи.

«Өлкө мындан ары кандай өнүгө турганы белгисиз болуп жатат. Бирок, сиздерде референдум жана Баш мыйзам кабыл алынганга чейин 3 ай убакыт бар. Сиз моюнуңузга алып жаткан жоопкерчиликти сезип жатасызбы?», - деди депутат.

Никитенко 5-октябрда коомчулук жаш, таза жана мекен үчүн күйгөн адамдар жогорку кызматка келишин талап кылгандыгын кошумчалады.

«Сурабалдиева, Токтогазиевдер жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн. Эмнеге алар жаңы курамда жок? Же алар белгилүү бир схема же кызыкчылыктарды таап чыккандыгы менен сиздерге ыңгайсыздык жаратып жатабы?», - деди Никитенко.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости