www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буюрса, өкмөттүн курамына жигердүү, тажрыйбалуу, чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбей турган команда топтолду деп эсептейм. Бул тууралуу Садыр Жапаров кечээ, 3-февралда, Жогорку Кеңеш жыйынындагы өлкөнүн жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнөн кийин сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысынын сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу депутаттар!

Урматтуу өкмөттүн мүчөлөрү!

Өкмөттүн жаңы курамынын Жогорку Кеңеш тарабынан көпчүлүк добуш менен шайланып, колдоо табышына жалпыбыз күбө болуп олтурабыз.

Былтыркы жыл оор болду.

Мына ушундай жагдайда, өткөн жылдын октябрь айындагы окуялардан бери өлкөдөгү жалпы абалды турукташтырууда, мыйзам талаасына кирүүсүндө Жогорку Кеңеш өтө позитивдүү роль ойногондугун баса белгилегим келип турат.

Себеби, силер мени бир эмес үч жолу колдоп бердиңер.

Бул үчүн мен сиздерге чын дилден ыраазымын.

Силердин бүгүнкү өкмөттүн курамына колдоо көрсөткөнүңөрдү — коомчулук өлкөдөгү жаңылануу жана реформа саясатына колдоо көрсөтүү деп түшүнүшүн каалар элем.

Силердин колдооңор — коомдогу ынтымакты чыңдоого болгон зор салым, мамлекетибиздин келечеги үчүн чогуу аракеттенүүнүн үлгүсү деп билем.

Анткени, Кыргыз Өкмөтүнүн бул жолку курамынын шайланган мезгили өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолу чындап сынакка түшкөн учур менен коштолууда.

Ачык эле моюнга алуу керек, бизди оор сыноолор күтүүдө.

Мен буга чейин бир нече ирет кайталап айтканымдай, биздин алдыбызда экономиканы турукташтыруунун, коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюунун, башкача айтканда антикризистик чукул чараларды көрүүнүн кечиктирилгис милдеттери турат.

Ошол эле учурда биз экономиканы стабилдүү өнүктүрүүнүн программасын тез арада иштеп чыгып, өнүгүп-өсүштүн оң көрсөткүчтөрүн камсыздоонун пайдубалын эмитен түптөшүбүз зарыл.

Биз баштаган реформалардын бир багыты — башкарууну оптималдаштыруу, башкача айтканда эбегейсиз деңгээлге өсүп жеткен мамлекеттик-бюрократиялык аппаратты кыскартуу, кадр саясатын жаңыча жүргүзүү.

Анын натыйжасында, чечимдерди маалкатпай кабыл алуу, иш кагаздарын чуркатуунун тартибин тездетүү.

Биз үчүн азыр ар бир ирмем кымбат!

Башкарууну оптималдаштыруу демекчи, энергетика тармагындагы бир эле мисалды келтире кетейин.

Эксперттер менен вертикалдык интеграция моделин иштеп чыгып, аны ишке ашырууну көздөп жатабыз.

Сунушталып жаткан моделдин экономикалык эффектиси 2 миллиард сомду түздү.

Биз бул сыяктуу экономикалык жогору эффект берген, каражаттарды үнөмдөп сарамжал колдонууга жол ачкан реформаларды ар бир тармакта, ар бир министрликте жүзөгө ашырабыз.

Ошондуктан Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөлөрүнөн:

«Өлкөм үчүн ар бир ирмем кымбат! Андыктан, кыргыз мамлекетинин жарандарынын жакшы жашоосу үчүн кара жанды карч уруп, таза иштөө — милдетим!» деген ураанды жетекчиликке алып иштөөнү талап кыламын.

Буюрса, Өкмөттүн курамына жигердүү, тажрыйбалуу, чаалыгып-чарчоо эмне экенин билбей турган команда топтолду деп эсептеймин.

Ал эми, сөзүмдүн соңунда Өкмөттүн мүчөлөрүнө чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн эстерине сала кетейин.

Ар бир министрликтин жана баарыбыздын ишибизге коомчулук тыкыр көз салып, бизден натыйжалуу ишти талап кылып турат.

Ошондуктан, ар бир министр реформа жүргүзүүдө бир топтун же жеке кызыкчылыктын сазына батып кетпестен, мамлекеттин гана кызыкчылыгын көздөө менен ишке ашырарыңарды суранамын.

Баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик каалайм!».

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости