www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Кундузбек Сулайманов президенттик аппараттан Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы Тайырбек Сарпашевдин ишин көзөмөлгө алууну суранууда.

Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында ал мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча Сарпашевдин иши боюнча маалымат берүүнү Башкы прокуратурадан суранганын билдирди.

"Жоопто 2022-жылдын 12-августунда Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иш токтотулгандыгы белгиленет. Ал бардык мүлкүн туугандарына, жубайына, атасына өткөрүп берген. Бул мүлктүн баарын мамлекетке кайтарып берем деген. Бирок аткарбай коюшкан. Торкент айылынын тургундары сугат жерлер, кампалар бар экенин айтышты", - деди Сулайманов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости