www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылы кадр маселесине өзгөчө көңүл буруу керек. Мындай пикирин депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат кадр маселесин кайра карап чыгуу сунушу менен президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго кайрылды.

"Оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат дегендей, буга тиешелүү көңүл бурбасак, кесепети жаман болот. Жеке эле Майлуу-Сууда эмес, бардык шаарларда кадр маселесин караңыздар. Тиешелүү жетекчилер ушул суук боюнча келип, маалымат беришсин. Себеби таяке-жээн, бөлөлөр менен иш орундарын ээлеп алышкан. Качан гана труба жарылып, эл митингге чыкканда гана көңүл бөлүнөт. Бул эмне деген кайдыгерлик? Бир жылдан бери кадар маселесинде тазалануу болбой жатат. Алдыңкы 4-5 адам кызматтан алынды, калганы ошол боюнча отурат. Мунун запкысын эл көрүп жатат", - деди депутат.

Ошондой эле, эл өкүлү Экология министрлигинде кесипкөй адистердин бардыгын иштен алып салышканын мисал кылды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости