www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айына 400 миң сомдой акы алып жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын башкаруучулугунун мүчөлөрүнө эмгек акы катары 2020-жылы 27 миллион 960 миң сом бөлүнгөн. Буга маяна жана башка бардык төлөмдөр кирген.

"Эгер бул сумманы башкаруучулуктун жети мүчөсүнө бөлүп эсептесек, айына 332 857 сом алып жатканы белгилүү болот. Буга иш сапар, жеке автоунааларынын чыгымдарын, айдоочуларынын маянасын, башкаруучулуктун мүчөлөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн эс алуусу үчүн төлөнгөн акча кошулган эмес. Иш жүзүндө төлөнүп жатканын эсептесек, демек, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго айына 400 миң сомдой төлөнүүдө", - деди депутат.

Ошондой эле ал башкаруучулуктун мүчөлөрү турак жай алуу үчүн жеңилдетилген кредиттерди 2-5 пайыз менен 15 жылдык мөөнөткө алышканын белгиледи.

Аны менен катар депутат буга чейин үй сатып алууга Абдыгуловдун Улуттук банктан алынган насыясын кечип салганда депутаттардын күчү менен кайра кайтарылганын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости