www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстан менен Түркиянын президенттери 31-майда Бишкекте түрк тектүү кыргыз жараны Орхан Инанданын дайынсыз жоголушун талкууладыбы деген суроого жооп берди.
"Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандан Кыргызстанда дайынсыз жоголгон Орхан Инанды жөнүндө сурады. Режеп Тайып Эрдоганды тааныбайм, эч кандай маалыматым жок жана ФЕТОнун тарапкерлери жөнүндө эч нерсе уккум да келбейт деп жооп берди", - деди жергиликтүү маалымат каражаттарына президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.
Түрк лидери Жапаров менен жолугушууда ФЕТОнун темасын көтөргөнү белгилүү болду. Биргелешкен пресс-конференцияда ал жолугушуунун жүрүшүндө "террордук уюмдарга, анын ичинде ФЕТOго каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле аймактагы кызматташтыктын аспектилери талкууланды" деди.
Орхан Инанда ФЕТОнун мүчөсү деп эсептелет. Бирок буга расмий далил болгон жок.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 31-майдын түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө "Ала-Арча" суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg