www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Кундузбек Сулайманов (Токтогул округу) Россиянын Түштүк-Сахалин аймагында сууга чөккөн кыргызстандык жигит тууралуу маалымат ала албай жатканын билдирди.

Депутат Кыргызстандын Россиядагы элчиси менен байланыша албай жатканын айтып, министр Жээнбек Кулубаевге суроо узатты.

«Сурооңуз дайым эсте. Биз бул боюнча элчиге тапшырма бергенбиз. Южно-Сахалинскте дипломат иштеп жатат. Учурда биздин жооп ала албай жатканыбыздын себеби соттун чечими керек экен. Бирок соттун чечими чыгышы үчүн денени табыш керек болуп жатат», - деп жооп берди министр.

Депутат элчи менен такыр байланыша албай жатканын айтып, министр айткан маалыматты деле айтып койсо болмок экенин белгиледи. Ж.Кулубаев элчинин ишин көзөмөлгө аларын убадалады.

Последние новости