www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз медицинасы оор жоготууга учурады. Медицина тармагынын көрүнүктүү ишмери, 20дан ашуун илимий эмгектердин ээси, медицина ардагери, невропатолог дарыгер, тажырыйбалуу клиницист жана педагог Рапия Аманалиева 89 жаш курагында дүйнө салды.

Рапия Аманалиева 1936-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чоң-Дөбө айылында туулган. 1950-1954-жылдары Фрунзе шаарындагы медициналык училищанын “фельдшер-акушер” адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1954-1960-жылдары Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүрүп, жогорку медициналык билимге ээ болгон.

Эмгек ишмердигин 1960-жылы № 7 шаардык бейтапканада терапевт-дарыгер болуп иштөө менен баштаган. 1963-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунун нерв оорулары кафедрасынында клиникалык ординатордон тартып ассистентке чейинки жолду басып өткөн.

1988-жылдан баштап 1990-жылга чейин КР Ички иштер министрлигинин ооруканасында невропатолог болуп иштеп, 1991-жылдан тарта ардактуу эс алууга чыккан.

Рапия Аманалиеванын медицинанын өнүгүүсүнө кошкон салымы анын кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Последние новости