www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында карылар үйүндө кыргыздардын саны өсүп бара жатканына нааразы болду.

"Мен 15 күн мурда Сузак районундагы карылар үйүндө болуп келдим. Ал жактагы 92 карынын 84ү кыргыз ата-апалар экен. Ал эми жакында эле Бишкек шаарындагы карылар үйүнө барып келдим. Атайын жайдагы 226 карыянын 45 пайызы кыргыздар экени өкүндүрөт. 

Урматтуу депутаттар, урматтуу кыргыз элим, качан кыргыз ата-энесин таштады эле? Ошол кемпир-чалдар балдарынын төрүндө отургандын ордуна карылар үйүндө отурат. Мындай көрүнүш кыргызда эч качан болгон эмес. 

Урматтуу Нурлан Тургунбекович, урматуу Алмаз Ахунжанович, ушул маселесин өз көзөмөлүңөргө алсаңыздар", - деди депутат

Ошондой эле ал Улуттук телеканалдык ишин сынга алды. Анын айтымында аталган телеканалда жарым жылаңач кыздарды көп көргөзөт.

"Буга чейин Улуттук телеканалда акыл-насаат тууралуу жакшы көрсөтүүлөр бар эле. Ошолорду кайра жандандырбайлыбы. Аталган телеканалды качан караба концерт, жарым жылаңач кыздар. 

Кыргыз кыргыз бойдон калабыз, биз эч качан Европа мамлекеттериндей болбойбуз. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, баарыбыз аталган маселени көтөрүп, таалим-тарияга чакырган көрсөтүүлөрдүн санын арбытсак жакшы болмок", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости