www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто кылмышка шектелген эки жаран кармалды

Токмок шаарында бир катар унааларды уурдоого шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«15-январда жабырлануучу милицияга кайрылып, уурулук болгонун билдирген. Анын айтымында, саат 16.30дан 17.30га чейин кимдир бирөө Луксор ден-соолукту чыңдоо комплексинин жанында токтоп турган унаасынын айнегин сындырып, 50 миң сом салынган капчыгын уурдап кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип 26 жаштагы Т.К. жана 27 жаштагы Ж.Б. тергөө учурнуда кылмышка шектүүлөр 17-январдан 23-январга чейин Токмок шаарында болгон андан сырткары беш кылмышка тиешеси бар экенин аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости