www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туманбаевчилер баш аягын жыйып алган соң, революциянын каармандарына чабуул коё башташты. Анткени Туманбаев учурунда Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү адамы катары ага колдоо көрсөткөн партия менен шайлоодо утуп келген. Бийлик алмашып кетип кашайбадыбы... Каныбек Туманбаев калкалоосу менен акчаны өзүнөн да сүйгөн жалал-абаддык жердеши Салимжанов Бообек Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 31- январда билдирди. Каныбек Туманбаев деген ким? Учурунда шопур Илмияновдун шопуру болуп жүрүп, Икрам акасынын алдында шүмүрөйүп, «бөрк ал десе баш алган» куйруктарынын бири болчу. Ал шопур болуп баш көтөрүп алган соң, айлана-тегерегин кайсай берип эч бир тойгон эмес. Икрам Саттарович эмне десе чалкасынан жата калган Каныбек Туманбаев, шопурлардын ичинен эң жугумдуусу болуп, бизнеске түздөн-түз аралашып  заматта миллионерге айланат. Ошол эле мезгилде кийинки «опальный» жетекчилерден анын «шефи» Илмиянов кысым көрүп кызматсыз калганда, айып тартып соттолуп жатканда аны менен табакташ жүргөн  Каныбек Туманбаев ооз ачып, унчуккан эмес. Тескерисинче Илмияновго каскак чыгып, Сооронбай Жээнбековдун «жеңилбес Армиясына» кирип, бир убакта аса-зоо болуп турган Икрам акасынын камалышына тилектеш болуп турган. Каныбек Туманбаев Илмиянов тууралуу ооз ачып сүйлөгөнгө да жарай алган эмес.

Жээнбеков менен биригип «Урунаарга тоо таппай, урушарга жоо таппай» жүргөн мезгилде, Азимбек Бекназаровдун чукугандай айткан сөзү, аны «баланстан» чыгып кетишине шарт түздү. Өзүнүн кызматына таянып, «пилге үргөн кандектей» болуп, революцияны уюштуруучулардын бирине тиш кайрап, кызматтан алынышын көздөп турду. Албетте, Жээнбеков учурунда «революциянын бульдозеру» Бекназаровго жаман мамиле кылган жок, тескерисинче Малайзияга элчи кылып жиберип, андан убактылуу болсо да кутулган. Жакында Түштүктө өткөн «важный» тойдо Каныбек Туманбаев кайрадан муштумун көтөрө чыгып, өзүнүн ыймандай чын сырын айтып жиберди. Көрсө ал Жапаров ордуна таптап жүргөн келечектеги президент экен. Анын дымагы чоң.  Биз кыргыздар өзүбүздүн  тулпардын туягына мык кагууга уста элбиз! Каныбек Туманбаев президент болуш үчүн канчалаган тулпарлардын туягына мык кагаар экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости